Ноокаттагы оорукана 9.5 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
Ноокаттын аймактык ооруканасы Covid-19 менен ооругандарды дарылоо бөлүмүн оңдоп-түзөө үчүн атайын тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.
Оңдоп-түзөө иштеринин алдын ала суммасы 9 млн 527 мин сомду түзөт.
Тендердин талабына ылайык, оңджоп-түзөө иштери бир ай убакыттын ичинде бүтүшү керек.