Ноокатта баасы 69 млн 400 миңден ашык маданият үйү мамлекетке кайтарылды

11 февраля 2022, 16:30

Ош облусунун прокуратура органдары мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объекттерин жер тилкелери менен мамлекетке кайтаруу боюнча иш аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн имараты 0,99 га жер тилкеси менен бирге У.А. атуу жарандын жеке менчиги деп табылган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун каралуусунун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Прокурордук актынын негизинде баасы 69 млн 405 миң 700 сомду түзгөн маданият үйү 0,99 га жер тилкеси менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.