Ноокатта көмүр казган ишкана ачылды

4 февраля 2022, 15:00

Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында көмүр казган ишкана ишке кирди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жерде күнүнө 150-200 тонна көмүр чыгат. Ишкана жоокерчилиги чектелген коом тарабынан ачылып, 23 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталды.

Кошумчалай кетсек, сезондо 35-40 адам жумуш менен камсыз болот.