Ноокенде мамлекеттик жер тилкеси жеке менчикке сатылып кеткен

18 марта 2024, 15:35

Токой жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Ноокен районундагы филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жер ресурстары кызматынын Ноокен райондук бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, токой фондусу мамлекеттин менчигинде экендигине карабастан пайда алуу максатында жаран К.К. Тоскоол-Ата токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунун жер тилкесине жеке менчикке өткөрүп, ага мамлекеттик акт түзгөн.

“Кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 млн 63 миң 35 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан 1-берене менен кылмыш иши козголду. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнү уюштуруу Ноокен РИИБге жүктөлгөн.