Ноорузда 12 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

20 марта 2024, 13:15

Нооруз майрамында 12 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өттү.

Өзгөчө көңүл эл көп чогулган жерлерге жана стратегиялык маанилүү объектилерге бөлүнөт.