Ноябрда кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат
Ноябрь айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат.
7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү быйыл шейшемби, шаршембиге туура келет. Министрлер кабинети 6-ноябрь, дүйшөмбүнү 11-ноябрь ишембиге жылдырды. Муну менен өлкөдө 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алуу жарыяланат.
Бирок 11-ноябрда кыргызстандыктар иштейт.