Нурбек Козубеков Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы болуп дайындалды

2 ноября 2020, 17:50

Нурбек Козубеков Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы болуп дайындалып, холдингдин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев тааныштырган.

Эскерте кетсек буга чейин Улуттук энергетикалык холдингди Айтмамат Назаров жетектеп келген.