Нурдан Орунтаев Мамлекеттик курулуш агенттигине жетекчи болду
Нурдан Орунтаев Мамкурулуштун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.
Мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов ээлеген кызматынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Нурдан Орунтаев вице-мэр болуп 2022-жылдын августунан бери иштеп келген. Ал мыйзамсыз курулуштарды, анын ичинде гараждарды, кафелердин жана соода борборлорунун кеңейтилген имараттарын бузуу менен эсте калды.