Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды

9 октября 2023, 14:42

Нурсултан Усубалиев президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, буга чейин ал президенттик аппаратта эксперт болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Эрнис Ашырбаев буга чейин президенттин жардамчысы болгон. Ал президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.