Өкмөт Жалал-Абад шаарындагы миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгын жиберген

27 апреля 2020, 15:00

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бүгүн, 27-апрелде, Жалал-Абад шаарындагы 1 миң 250 муктаж үй-бүлөгө бир каптан ун жана баасы 800 сомду түзгөн азык-түлүк баштыгы таратылып жатат.

Өкмөт тарабынан жиберилген жардамды шаар мэри Мураталы Тагаев чыныгы муктаждарга жеткиликтүүлүгүн жеке көзөмөлгө алган. Кезектеги жардам түндүк системасы аркылуу 1227 номерине каттоого алынган муктаж үй-бүлөлөргө таратылууда. Азыркы учурда шаардагы бардык аймактык башкармалыктар тарабынан кайрылгандардын үйлөрүнө жеткирүү иштери уланууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаарында жалпы 9 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам берилди.