Марипов бензиндин кымбатташы боюнча: Өкмөт колдон келген аракетин жасайт

3 марта 2021, 15:15

Өкмөт күйүүчү майдын баасын жогорулатпоо боюнча колдон келген аракетин жасайт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Фейсбуктагы түз эфиринде билдирди.

Марипов дыйкандарды дизель менен камсыздоо керектигин билдирген.

«Чийки нефть 31%га жогорулады. Россиянын өзүндө дагы кымбаттап жатат. Өкмөт колдон келген аракетин жасайт. Өзгөчө жазгы талаа иштери башталууда, дизель майы менен дыйкандарыбызды камсыздашыбыз керек. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүм. Эки күн мурун токтомго кол койдум. Ага ылайык, мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды», - дейт премьер.

Ошондой эле Марипов Кыргызстандагы дары-дармекке болгон баа жеке көзөмөлгө алынарын белгиледи.