Өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатат

6 октября 2020, 11:50

Тармактык мамлекеттик түзүмдөр коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт саясий процесстин бардык катышуучуларын маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат.

Элдерибиздин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү үчүн бардык маселелер мыйзамдуу жол менен чечилиши керек.