Октябрда Кыргызстанга 40 млн долларга аз акча которулган
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында эмгек мигранттар Кыргызстанга 226.2 млн доллар жөнөтүшкөн. Бул мурунку сентябрь айына салыштырмалуу 40 млн долларга аз.
Муну менен катар, январдан октябрга чейин кыргызстандыктар жалпысынан 1 млрд 954.9 млн доллар жөнөтүшкөн.
Ошол эле учурда 2019-жылдын октябрь айына салыштырмалуу өлкөгө которулган каражаттардын көлөмү 5.8 млн долларга жогорулаган.