Октябрь айында мамлекеттик карызды жабууга 2,4 млрд сом которулган

14 ноября 2019, 09:32

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында мамлекеттик карызды төлөө үчүн 2 млрд 411,8 млн сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казынасынан билдиришти.

Аны менен катар, ички карызды жабууга 1 млрд 114 млн 890,3 миң сом, тышкы карызга – 1 млрд 296 млн 927,2 миң сом жумшалган.