Илимпоз Асел Сартбаева Бишектеги 300 кызга химия боюнча мастер-класс өткөрдү

28 февраля 2022, 15:00

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси, окумуштуу Асел Сартбаева Бишкекте 300 окуучу кызга мастер-класстарды өткөрдү. Бул тууралуу аталган уюмдун коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Окумуштуу жүзүм, сыр өңдүү күнүмдүк азыктарда молекулалар жана полимерлер кантип түзүлөөрүн мисал түрүндө көрсөтүп берди.

Мастер-класста кыздар бир нече молекулаларды, анын ичинде глюкоза молекуласын түзүп, тренерлердин жана доктор Сартбаеванын жетекчилиги астында акырындык менен бардык молекулаларды узун чынжырга – крахмал полимерине бириктиришти.

Ар бир сабактын соңунда катышуучу кыздар үчүн интерактивдүү жана пайдалуу болгон “Суроо-жооп” сессиясы өтүп турду. Бул сессияда кыздар алар үчүн үлгү болгон инсанга суроолорду узатып, жоопторду алып турушту. Суроолор Улуу Британияда билим алуудан жана окутуудан баштап гендердик стереотиптерге жана илимге чейинки темаларды камтыды.

Иш-чара жалпысынан беш кунгө созулуп, Zoom платформасында класстагы фасилитаторлордун колдоосу менен өткөрүлдү.

2020-жылы ЮНИСЕФ жаңы конуштарда жана элет жергесинде жашаган 14-18 жаштагы 500 өспүрүм кыздын илим, технология, инженерия жана математика (STEM) боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатып, алардын карьера жасоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Илимдеги кыздар” долбоорун ишке киргизген. Программага катышкан кыздар илим чөйрөсүндөгү карьера жолунда үлгү катары окумуштуу Асел Сартбаеваны аташкан. Дал ошондуктан ЮНИСЕФ Асел Сартбаеваны “Илимдеги кыздар” долбоорунун элчиси кылып дайындаган.

Белгилеп кетсек, Асел Сартбаева дүйнөгө таанымал илимпоз, Бат университетинин химия илимдеринин профессору жана Улуу Британиядагы Падышалык илимий коомдун мүчөсү. Аталган илимий коом балдар вакциналарынын бардык температурада коопсуз болушуна багытталган новатордук изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.