Окуучулар «Тулпар» картасына бир айда 360 сом салса болот

16 января 2024, 13:21

30-январдан тарта Бишкектеги муниципалдык транспортто, автобус жана троллейбустарда жол кире көтөрүлөт. Коомдук транспортту колдонуу үчүн мектеп окуучулары айына 360 сом жаңы баада билеттерди сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Мектеп окуучуларына арналган жеке “Тулпар” карталарын башка адамдар колдоно албайт. Эгерде карта башка адам тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карта конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат.

“Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.

Белгилеп кетсек, тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто контролерлор иштей баштайт.