Олимпиада жана паралимпиадага даярдык көрүү үчүн 415 млн сом бөлүндү

9 апреля 2024, 11:25

Парижде өтө турган жайкы Олимпиада жана паралимпиадага даярдык көрүү үчүн 415 миллион сом бөлүндү.

Анын 100 миллиону медициналык тейлөөгө жана спортчуларды даярдоого каралган.

Кыргызстан Олимпиадага катышуу үчүн 30 лицензия алууну пландоодо. Бүгүнкү күндө өлкөдө беш жолдомо бар. Аларга Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков жана Денис Петрашов ээлик кылат.