Өлкөгө импорттолуп кирген буудай жана ундар салыктан бошотулат

1 апреля 2020, 13:00

Өлкөгө ташылып кирген буудай жана ошол эле буудайдан өндүрүлгөн ундар кошумча нарк салыгынан бошотулат. Бул тууралуу 2020-жылдын 1-апрелиндеги Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, депутат Руслан Чойбековдун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Чойбековдун айтымында, эгерде ун өндүрүүчүлөр салыктан бошотулбаса анда бир топ компаниялар банкротко учурамак.



«Сиздер бул чечимди туура кабыл алдыңыздар. Андан сырткары, өкмөт 800 млн сом дыйкандарга 6% менен насыя берип жатат. Эгерде кошумча нарк салыгынан бошотулбаса, анда атамекендик өндүрүүчү компаниялар банкротко учурамак», - деп билдирди депутат Руслан Чойбеков.

Эске сала кетсек, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бюджетти туураа пландоо аркылуу буудай өндүрүүчү дыйкандарга 800 млн сом жеңилдетилген насыя берилерин билдирген.