Өлкөдө 1 миң 800 адам 20 миң сомдон ашуун пенсия алат

16 сентября 2020, 15:30

Пенсионерлердин жалпы санынын 0,3 пайызы, тактап айтканда 1 миң 800 адам 20 миң сомдон ашуун пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдирди.

«Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Кыргызстанда пенсиянын минималдуу суммасы 4 миң 286,7 сомду түзөт. Ал эми пенсионерлердин жалпы санынын 0,3 пайызы 20 миң сомдон ашуун пенсия алат. Ал 1 миң 800 адам», - дейт Ирсалиев.

Эске сала кетсек, ушул жылдын октябрь айынан тарта пенсиянын көлөмү 400 сомго жогорулары маалымдалган.