Өлкө ичинен Талас облусунда баанын саны эң жогору көтөрүлгөн
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында, 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу республика боюнча керектөөчү баанын саны 2.9% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Муну менен катар тамак-аш азыктары жана алкоголсуз ичимдиктерге болгон баа 5.3% өскөн. Ичимдик жана тамекинин баасы 5.6%, тариф жана калкка кызмат көрсөтүүнүн баасы - 0.2% жогорулаган.
Азык-түлүктөн сырткаркы товарлардын баалары, ушул жылдын январь-августтагы баасын сактап кала алды.
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтеринин максималдуу өсүшү Талас облусунда катталды (6,3% га), бул азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын эң чоң жогорулашына байланыштуу (13,8%).