Онкология менен ооругандарга кошумча 1 млрд сом бөлүү каралууда

24 ноября 2023, 09:55

Кыргызстандын бейтаптар ассоциациясы онкологиялык оорулар менен күрөшүү үчүн кошумча 1 млрд сом сурап жатат. Бул тууралуу депутат Элдар Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылына 29 миң онкологиялык оорулуулар аныкталат. Ал эми бөлүнгөн 1 млрд сом аларды дарылоого жетпейт. Бардык онкологиялык оорулууларды дарылоого муктаждык 2,5 млрд сомду түзөт.

“Ошол эле учурда жеке клиникалардагы гемодиализди мамлекет 100% камсыздайт. Ооругандардын саны 2 миң 700гө жакын. Ал эми жылына онкология менен 32 миң, кант диабети менен 29 миң бейтап дарыланат. Мамлекет алар үчүн таблеткаларга каражат бөлбөйт”, - деди депутат.

Буга Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров макул экенин билдирди. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге мамлекет кайсы оорулар менен күрөшүүгө канча каражат бөлүү керектигин эсептеп берүүсүн суранганын айтты.
Министрлер кабинетинин башчысы гемодиализге көп каражат бөлүнүп жатканын жана мындан мыйзамсыз пайда көргөндөр көп экенин белгиледи.