Өнөр-жай ишканалары менен келишим түзгөн фермерлер жеңилдетилген шартта насыя ала алышат
Өнөр-жай ишканалары менен келишим түзгөн фермерлер ыңгайлуу шарт менен насыя алууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул тууралуу «Кепилдик фондунун» сайтында маалымдалат.
Муну менен катар, фермерлер жылына 8% чен менен насыя ала алышат. Ал эми ишканалар менен келишим түзбөгөндөр, 10% чен менен насыя ала алышат.
Мындай чечим «Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоорунун негизинде кабыл алынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Өсүмдүк өстүргөн фермерлерге төмөнкү субъекттер боюнча насыя берилет:
- сууну үнөмдөп сугаруу технологиялары - тамчылатып сугаруу, чачуу;
- күнөскана объектилери;
- интенсивдүү багбанчылык;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү.
Кошумчалай кетсек, органикалык дыйканчылык менен алектенген ишкана жылына 6% чен менен насыя ала алат.