«Оптима Банкта» кадрдык өзгөрүүлөр болду

15 апреля 2020, 15:10

«Оптима Банктын» директорлор кеңешинин комитеттеринин мүчөлөрүнүн курамында өзгөрүүлөр кирди.

«Оптима Банктын» директорлор кеңешинин чечими менен 14-апрелде директорлор кеңешинин комитеттеринин курамында айрым өзгөрүүлөр болду. Ага ылайык комитеттин курамына төмөнкүлөр шайланды.

Директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Шакетаев аудит боюнча комитеттин курамына
Ал эми директорлор кеңешинин дагы бир мүчөсү Ермек Аргинов тобокелчиликти жөнгө салуу комитетинин курамына кирди.

Мындан тышкары, Руслан Шакетаев ишке орнотуу жана сыйлык тапшыруу комитетинин төрагасы болуп шайланды.