Орто-Сай базарында башаламан 40 соода түйүнү жоюлду

19 декабря 2023, 16:44

Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери болду.

“Рейддер Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.