Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү 45 миң рубль пенсия алууну каалашат

22 декабря 2020, 10:05

Орусиялыктардын жарымы 45 миң рубль өлчөмүндө пенсия алууну каалашат. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы Webbankir каржы онлайн-платформага шилтеме берүү менен билдирди.

Сурамжылоонун жыйынтыгында, катышуучулардын 29.1% 30 миң рубль, 22.1% 45 миң рубль пенсия алгылары келерин билдиришкен. 25 миң рубль пенсия алууну каалагандардын көлөмү болгону 1% түзгөн.

Москвада сурамжылоого катышкандардын 52.3% болжол менен 15 миң рубль пенсия алышат. Ар бир бешинчи жаран 30 миң рублга чейинки каражатты жогорку киреше деп белгилешкен .

Сурамжылоого 1,5 миңдей орусиялыктар катышкан.