Орусия Баткенге 1200 орундуу мектеп курат

23 сентября 2021, 13:50

Орусия Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курат. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымака ылайык, курула турган мектеп үчүн Баткен шаардык мэриясы эки гектар жер тилкесин шаардын Чет-Булак кварталынан бөлгөн. Курулуш кийинки жылы башталаары белгилүү болду. Жерди көрүүгө Орусиядан эксперттер келген.

Ошондой эле алар Баткендеги студенттерди Башкортостан мамлекеттик педагогикалык окуу жайына бюджеттик негизде билим алуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экендигин билдирди, деп айтылат маалыматта.