Орусия ЕАЭБде өндүрүлгөн товарларга болгон бажы алымдарды жокко чыгарды

17 марта 2021, 14:00

Орусия Евразия экономикалык союздун алкагында өндүрүлгөн товарларды, бирдиктин ичинен ташууда алынган бажы салымдарынан бошотту. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтү билдиргенин, ТАСС порталы жазып чыкты.

Өкмөттүн токтомунда ЕАЭБдин аймагында иштетилген жана реэкспорт, экспортко карата бажы салымдары алынбайт деп айтылат.

Кошумчалай кетсек, тиешелүү токтом бир айдан соң күчүнө кирет.