Орусиядан келген 50 тонна буудай Жалал-Абаддык дыйкандарга таратылууда

7 марта 2022, 11:15

Чүй облусундагы Кант станциясына Орусиядан сатылып алынган элита репродукциясындагы жаздык буудайдын "дарья", биринчи репродукциядагы буурчактын "джекпот" сорту жана "докота" аталышындагы беденин үрөндөрү келип түштү. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен маалым болду.

Ал эми жаздык буудайдын 50 тоннасы республиканын түштүк региондоруна жиберилди. Азыркы учурда буудайдын үрөнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунда таратылууда.

Министрлик дандын тазалыгына, өнүмдүүлүгүнө толук анализ кылууда.