Орусиялыктардын 34 пайызы пандемия маалынан тарта акча чогулта башташкан

20 ноября 2020, 17:25

Орусиялыктардын 79% каржы коопсуздугун алдын алышат. Жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 34% пандемия маалында акча чогултуу керек деген тыянакка келишкен. Бул тууралуу «Открытие» банкынын изилдөөсүнө таянуу менен bankir.ru басылмасы жазып чыкты.

Каражатты көпчүлүгү банк жана кыймылсыз мүлк аркылуу чогултушкан. Сурамжылоонун 15% инвестор катары акчаларын сактап турушат. Ал эми акчаны үнөмдөгөндөрдүн 35% конкреттүү максаттары бар.

Изилдөөдө орусиялыктардын 25% каражаттарын чет элдик валютада сактаары белгилүү болду.