Ошто 15 күнгө чейин арак сатууга тыюу салынды

15 апреля 2020, 16:35

Ош облусунун жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты спирт ичимдиктерин сатуууга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу комендант Малик Нурдинов 16-апрелде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Комендант сатуучулардан бул чечимге түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

«Адам бир бөтөлкө арак ичкен соң, экинчисине бара баштайт, андан кийин үчүнчү бөтөлкө үчүн барат. Мунун айынан коменданттык сааттын эрежесин бууп, укук коргоо органдары менен чырдашканга чейин барууда. Ичимдик ичип алып, автоунаа башкаргандар дагы болуп жатат. Мен 15 күнгө чейин ичимдик сатпай турууга чакырат элем. Эгерде тыюу салынганына карабастан, арак сатуу фактысы катталса, тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул чечим шаар тургундарынын өтүнүчү менен дагы кабыл алынды», — деп айтты Нурдинов.

Белгилей кетсек, 16-апрелден тарта Ош жана Бишкек шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00 дөн эртең мененки 06:00 кыскартылды.