Ош базары убактылуу жабылды

12 октября 2023, 14:15

Ош базары убактылуу жабылды. Соодагерлер билдиргендей, алар үчүн бүгүн жана эртең эс алуу күнү деп жарыяланды.

Буга КМШ саммитин өткөрүү жана жогорку даражалуу коноктордун борборго келиши себеп болду. Бул күндөрү Ош базарында сооданын ордуна санитардык күн өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, 12-13-октябрда ордо калаада №6, №11, №14 троллейбустар да иштебейт.