Ошто экономикалык ишмердүүлүктөргө жалпы 1 миң 75 патент берилди

13 мая 2020, 12:00

Ош шаарында экономикалык ишмердүүлүктөргө жалпы 1 миң 75 патент берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде маалымдады.

Анын айтымында, дагы патент алабыз деген такси кызматтары бар.

«1 миң 75тин ичинен такси кызматтарына 912 патент, чач тарачка 14, соода-сатыкка 119 патент берилди», - дейт мэр.

Сарыбашов кошумчалагандай, Ош шаарынын кире беришинде 8 блокпост жана шаар ичинде 20 көчмө пост орнотулган.

«Шаарда каттоосу бар жана иштеген жери боюнча маалымкаты болгон жарандарды гана шаарга киргизип жатабыз. Калган жарандарга уруксат берилбейт», - дейт ал.