Ош: Кара-Кулжада 10 млн сомго калкты тейлөө борбору курула баштады

24 сентября 2021, 10:30

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда калкты тейлөө борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу "Акчабарга" райондук акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактагы буга чейинки калкты тейлөө борборунун имараты тар болуп, ыңгайсыздыктарды жаратып келген.

Бир кабаттуу мекеменин курулушуна 10 млн сом жумшалат деп айтылды маалыматта.