Ош: Кара-Сууда коррупцияга шектелип үч мамкызматкер кармалды

1 октября 2021, 14:50

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үч өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Нариман айыл аймагынын башчысы, анын шериги жана Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткарган адам кармалды.

Алар өз кызыкчылыгын көздөп Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатканы аныкталган.

Мамлекеттик кызматкерлер учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.