Ош облусуна жаңы оорукана жана поликлиника курууга 207 млн сомго тендер жарыяланды

6 августа 2020, 16:09

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ноокат районунун Көк-Жар айылына 100 орундуу оорукана жана поликлиника куруу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Долбоордун жалпы баасы 207 миллион 43 миң 832 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 1-сентябрь арыз берүүнүн акыркы күнү. Бул объекттерди куруу 27 айга пландаштырылууда.