Ош облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

22 апреля 2024, 09:00

Ош облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мунун себеби селге байланыштуу.

Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, шаардын чет жакасындагы айылдарда сел жүрүп, бир катар үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Селдин кесепетинен Алайкууда бир адам каза болгону кабарланган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптады.

Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Айдоочуларга сапарга чыгарда 112 кыска номеринен маалымат алуу сунушталат.