Ош: санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге 453,5 миң сомго айыппул салынды

16 июня 2020, 13:45

Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге жалпы суммасы 453,5 миң сомго айыппул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, шаарда 7 мобилдик топ мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында 1 миң 233 объектке жалпы суммасы 453 миң 500 сомго айыппул салынды. Эскертүүлөргө баш ийбеген ишканалар убактылуу жабылат», - деди Турдуев.