Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарына 22 млн сомдон ашык каражатка жардам көрсөтүлдү

26 мая 2020, 14:30

Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарына 22 млн сомдон ашык каражатка жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан калктын аярлуу катмарына деп 18 млн 222 миң 400 сом бөлүнгөн.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 4 млн сомдон ашык каражат берилген. Алардын баары таратылып бүттү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да акча каралган», — дейт ал.

Турдуев маалымдагандай, учурда да жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.