Ош шаарына Новосибирскиден 173 кыргызстандык кайтып келди

8 июля 2020, 09:00

Бүгүн Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен Кыргызстандын 173 жараны кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.