Ош шаарында азык-түлүк эмес товарлардын баасы 23,4%га көтөрүлдү

11 ноября 2023, 13:05

Быйыл он ай ичинде товарлар эң көп Нарын облусунда кымбаттаган. Бул аймакта баалар 12,2%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аймакта башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын баасы жогорулаган, ал 18,4%ды түзгөн.

“Талас облусунда азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 8%га көтөрүлгөн. Ал эми эң көп Ош шаарында азык-түлүк эмес товарлардын баасы 23,4%га жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери өскөн” - деп айтылат маалыматта.