Ош шаарында беш жыл мурун башталган төрт мектептин курулушу бүтпөй турат

3 августа 2021, 17:30

Ош шаарында беш жыл мурун башталган төрт мектептин курулушу бүтө элек. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди. Маалым болгондой, мунун себеби каражат маселеси менен байланыштуу.

Бирок жакынкы арада М. Ломоносов атындагы мектеп каалгасын ачуу алдында турат.

“500 орундуу Ломоносов атындагы мектептин курулуш иштери 85% га жетти. Төрт мектептин курулушу 2015-16-жылдары башталган. С. Аини көчөсүндө курулуп жаткан мектепке буга чейин 39 миллион 234 миң которулган болсо, курулушту бүтүрүүгө дагы 126 миллион керектелет”, - деди Ош шаардык капитал курулуш башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн башчысы Кабыл Обозов.

Калган билим берүү жайларынын кайсы мезгилде бүтөөрү азырынча белгисиз.