Ош – Стамбул аба каттамы сегиз жылдан кийин кайра жанданды

1 октября 2021, 15:20

Бүгүндөн тарта ОшСтамбул Ош түз аба каттамы ачылып, биринчи жүргүнчүлөрдү Ош эл аралык аэропорту салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Каттамды Түркиянын “Pegasus” авиакомпаниясы жүргүзөт. Жүргүнчүлөр бул аба каттамын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү пайдалана алышат. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөт. Биринчи рейс менен Ошко 130 жүргүнчү келди.

Эске салсак, аталган каттам сегиз жылдан кийин кайра жанданды.