Ош: турак жай инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 69 долбоор ишке ашты

8 октября 2021, 12:10

Ошто турак жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 69 долбоор ишке ашты. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жыл башынан бери Ош шаарында муниципалдык кош каржылоо программасынын негизинде ишке ашкан 69 долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын жаңыртуу, ички канализация жана жылуулук менен жабдуу системаларын оңдоо, кире бериштерди, чатырларды, жолдорду асфальттоо иштери жасалган. Мындай жумуштарга каражаттын 30-50 пайызы мэрия тарабынан бөлүнөт, калган сумманы тургундар өздөрү чогултат.

Быйылкы жылы Ош шаарында кош каржылоо программасынын суммасы 13,8 миллион сомду түзгөнү маалым болду.