Ошко азык-түлүктүн кезектеги партиясы жеткирилди

10 января 2024, 16:40

Ошко азык-түлүктүн кезектеги партиясы жеткирилди. Россия мындай жардамды БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кайтарымсыз берди.

Маалыматка ылайык, 4 миң 600дөй адамга 300 килограммдан байытылган ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет.

Бул үчүн алар жергиликтүү инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жаратылыш кырсыктарына жана климаттык өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө багытталган коомдук долбоорлорго катышуусу керек.