Ошко Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди

22 февраля 2022, 09:30

Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, коңшу өлкөнүн губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев "Достук" өткөрмө бекетинен тосуп алды.

Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында тараптар көчөттү биргеликте отургузушту. Көчөттөр Өзбекстандан белекке берилди.