Ошто 400 тонна жүккө ылайыкталган логистикалык борборлор курулат

5 февраля 2024, 09:50

Чоң-Алай жана Ноокат райондорунда 400 тонналык айыл чарба логистикалык борборлорун куруу пландалууда. Борборлор муниципалдык менчикте, бирок аларды атайын кооперативдер башкарат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев “Гуд Нейборс” Эл аралык гуманитардык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтылды.

Долбоорлордун жалпы баасы 44 млн доллар түзөт. Элчибек Жантаев каржылоонун 50%ы Кореядан, калганы Региондорду өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнөрүн билдирди.

Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (20%) менен эл аралык гуманитардык бейөкмөт “Гуд Нейборс” Эл аралык уюму (80%) 15 жылга кызматташуу келишимин түзүп, Кыргызстанда 4 жыл бою долбоорлорду ишке ашырышты. Бул долбоорлорго Ош облусундагы 18 айылдын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнөр жай базасын түзүү кирет.