Ошто 500дөн ашуун үйдүн төлөнбөй келген салыгы 5 млн сомду түздү

2 октября 2021, 09:30

Ош шаарында турак жайга салык төлөө боюнча түшүндүрүү иштери болду. Рейд учурунда бир жылдан бери салык төлөбөй жаткан 20дан ашуун үй ээлерине эскертүү берилди. Алардын салыкка болгон бир жылдык карызы 7 миң сомдон 20 миң сомго чейин экени белгилүү болду.

Шаардык салык кызматынын маалыматына ылайык, жалпысынан Ош шаарында мүлк салыгын төлөбөгөн 547 адам бар. Алардын ичинен 23 үйдүн иши сотко өткөн. Салык төлөбөгөндөрдүн карызы беш миллион сомду түзөт.

Мүлк салыгына болгон каражат турак үйдүн чарчы метрине жараша төлөнөт. Жер үйлөргө 180 чарчы метрден ашкандан кийин салык төлөмү жазыла баштайт. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө салык 110 чарчы метрден ашса төлөнөт. Турак үйгө болгон салык үйдүн көлөмүнө карап жылына орточо жети миң сомдон жогору болот.