Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды

25 апреля 2024, 13:05

Ошто 800дөй турак жай сел сууларынан тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, облус боюнча жалпы 1 миңдей үйдү сел каптаган.

Учурда 786 турак жай сел калдыктарынан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда. Материалдык чыгымдар да такталып жатат.

Эске салсак, табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү үчүн облус аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.