Ошто «Агро Экспо 2024» жарманкеси өтүп жатат

29 февраля 2024, 15:12

Бүгүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Агро Экспо 2024” – “Айыл чарбасы климаттын өзгөрүшү шартында” жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Иш-чарага Түркия, Россия, Чехия, АКШ жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 40ка жакын фирма жана айыл чарба уюмдары, фермерлер жана айыл чарба өндүрүшчүлөрү катышууда.

Көргөзмөнүн алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ар кайсы тармактарда айыл чарбасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маалыматтык сессиялар жана презентациялар өткөрүлүүдө.

Жарманке Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен TES-Центр уюму тарабынан өткөрүлүүдө.