Ошто буйрутма аш кымбаттады

2 июля 2021, 12:00

Ош шаарындагы аш борборлорунда буйрутма аштын килограммы 100 сомго кымбаттады. Мунун себебин ашпозчулар негизинен сабиздин жогорулагандыгы менен байланыштырышууда.

Ош шаарындагы аш борборлорунун биринин ээси Бахром Касымовдун айтымында, учурда буйрутма аш килограммына 1350 сомдон болууда. Ашпозчу буга чейин сабиздин килограммын дүң баада 10 сомдон сатып алса, азыр 80 сомдон болуп жатканын айтты.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин аймактагы жетекчиси Руслан Казаков сабиздин кымбатташы убактылуу экенин айтып, базарга жаңы түшүм чыгаары менен баанын өзгөрүусү байкалса чара көрүлөт деп билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаарында бир ай аралыгында сабиздин баасы 20-25 сомдон – 80-100 сомго чейин кымбаттаган.

Ошто аш көбүнэсе буйрутма менен басылат.